Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшемби, 21-октябрда республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 21-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда абанын температурасы + 10…+15 градус жылуу болсо, Таласта +8…+13 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +5…+10 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +12…+14 градуска жетсе, Ош шаарында +14…+16 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0