Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалбырактарды шыпырып жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкери. Архив
Жалбырактарды шыпырып жаткан Тазалык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 22-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +13…+18 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +9…+14 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн бүркөлбөйт.  Борбор калаада термометр  +17…+19, Ошто    +18…+20 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0