Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКар түшкөн дарактар. Архив
Кар түшкөн дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 1-ноябрда республика боюнча жер-жерлерде жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +1…+6 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы борбор калаа Бишкек шаарында +3…+5, ордолуу Ошто +7…+9 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0