Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Дем алыш күндөргө карата аба ырайынын божомолу

446
(жаңыланган 17:29 04.11.2018)
Бишкек менен Ош шаарларында дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында 3-4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшүшү мүмкүн.

4-ноябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек менен Ош шаарларында дем алышта күн ачык болот.

446
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызгидромет, Кыргызстан
Тема боюнча
Бир жумадан кийин окуучулар күзгү каникулга чыгат
Пикирлер