Кыргызстанда кайсы айда өлүм-житим көп болот? Статистика

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүРабота городской клинической больницы № 59 в Москве
Работа городской клинической больницы № 59 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикалык маалыматтар боюнча июнь менен сентябрда каза болгондор арбын.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кишилердин көбү январь айында каза болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, 2017-жылы январда 3 147 киши о дүйнөгө сапар алган. Экинчи орунда декабрь турат. Бул учурда 3 045 киши каза болгон.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нормалдуу жана топография кафедрасынын ассистенти Улугбек Жоомартовдун айтымында, суук учурда өлгөндөрдүн көптүгүнүн себеби аба ырайына да байланыштуу.

"Кышында аба ырайы өйдө-төмөн болуп турат. Жүрөк кан тамырлары дартынан жабыркагандар жана өнөкөт оорулуулар аны тез кабыл алат. Андан сырткары, кышында жол тайгак болгондуктан жол кырсыктарынын саны көбөйөт", — деди Жоомартов.

Эң туруктуу ай деп сентябрь эсептелет. Былтыр ушул айда 2 547 киши каза болгон.

Кыргызстанда кайсы айда балдар көп төрөлөрүн да биле жүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0