Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-ноя — Sputnik. 3-ноябрда республиканын тоолуу аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8, Ысык-Көл жана Нарын облустарында —1…+4 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +3…+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0