Кыргызстанда канча майрам күн бар? Тизме

© SputnikКалендарь. Архив
Календарь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда алгачкы ирет жаңы майрам белгиленет. Календарда кызыл менен белгиленген күндөрдү билип алыңыз.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.

Андан сырткары, ноябрдын башында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат.

Календарга ылайык, быйыл 14 күн кызыл менен белгиленген.

Майрам күндөрүнүн тизмеси:

1-январь — Жаңы жыл;

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү;

8-март — Аялдардын эл аралык күнү;

21-март — Нооруз;

7-апрель — Апрель элдик революция күнү;

1-май — Эмгек майрамы;

5-май — Кыргызстандын Конституция күнү;

9-май — Жеңиш күнү;

31-август — Кыргызстандын эгемендик күнү;

7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулмандардын майрамы жана 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) да майрам күндөрү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0