Маска кийген кыз. Архивдик сүрөт

Министрлик: жугуштуу оорулар күч алды

190
(жаңыланган 17:47 07.11.2018)
Бейтаптарды кабыл алуу үчүн Республикалык дерматовенерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жугуштуу оорулардын күч алып жатканын эске алуу менен жана ооруканаларда орундардын тартыштыгынан улам Республикалык дерматовенерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка министр кол койгон.

Кабыл алуу бөлүмүнө негизинен саат 18:00дөн 23:00гө чейин бейтаптар көп келгендиктен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Кыргыз-орус Славян университетинин жугуштуу оорулар кафедраларынын башчыларынын макулдугу менен ассистенттер жана клиникалык ординаторлор тартылууда. Ошентип күндүз кабыл алуу бөлүмүндө 6-8 дарыгер иштесе, түндө 4 жана дем алыш, майрам күндөрү 5 дарыгерден иштешет.

Андан сырткары, республикалык диагностикалык борбордо эпидемиологиялык абал курчуп, сасык тумоо күч алган учурда балдарды кабыл алуучу үч кабинет ачуу маселеси каралып жатат.

Саламаттык сактоо мекемелеринде бейтаптарга жардам берүү чаралары күчөтүлдү.

190
Белгилер:
сасык тумоо, медицина, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема боюнча
Сасык тумоонун алдын алуу үчүн вакцина сатып алынды
Кыргызстанда кооптуу грипптин эпидемиясы башталдыбы? Министрликтин жообу
Пикирлер