Катуу суук түшөбү? Декабрь айына карата аба ырайы

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда түнкүсүн -20 градуска чейин суук болот.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет Кыргызстандын аймактарында айлык орточо температурасынын божомолун жарыялады.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, Чүй өрөөнүндө 3…5, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң жогорку температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градус жылуу болот. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн —3…-8 градус суук болуп, абанын күндүзгү температурасы 0…5 градус жылуулуктан 7…12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн 0…-5 градус сууктан —7…-12 градус суукка чейин, абанын күндүзгү температурасы —2…+3 жылуулуктан 5…10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактары

Жолду тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолу көчкүдөн тазаланып ачылды
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын эң жогору температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылуу болот. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн 0…-5 градус сууктан —8…-13 градус суукка чейин, абанын күндүзгү температурасы —2…+3 жылуулуктан 5…10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (28-29 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.

Абанын эң жогорку температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу болушу  күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн  —2…+3 градус жылуу болуп, абанын күндүзгү температурасы 3…8 градус жылуулуктан 11…16 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күнүндө  түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн —2…-7 градус суукка чейин төмөндөп, абанын күндүзгү температурасы 1…6 градус жылуулуктан 8…13 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 26-57 мм, тоо этектериндеги райондордо 32-96 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактары

В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги троллейбустар саат 22.00гө чейин жүрөт
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 2…4, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 0…2 градус жылуу болот.

Абанын эң жогорку температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —3…-8, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында абанын температурасы түнкүсүн —5…-10 градус суукка чейин, күндүз 0…5 градус жылуулукка чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (1-17 мм, чыгышында 24-46 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —1…-3, Ат-Башы районунда —3…-5 градус суук болот.

Абанын эң жогору температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —8…-13, күндүз 0…5 градус тегерегинде жылуу болот. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн —10…-15, күндүз 0…-5° суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот (4-15 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —6…-8 градус суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн —3…-8 градус суук, күндүз 6…11 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —15…-20 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (18-20 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0