Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник "Борцам революции" в Бишкеке
Памятник Борцам революции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптанын көпчүлүк күндөрүндө жаан жаап, кар түшпөйт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 19-ноябрдан 24-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катуу суук түшөбү? Декабрь айына карата аба ырайы
Ага ылайык, 19-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 20-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

21-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар жааса, 22-23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0