Бишкекте ар бир үчүнчү карыя небере жыттай элек

© Sputnik / Табылды КадырбековНебересин чанаада сүйрөп бараткан чоң ата. Архив
Небересин чанаада сүйрөп бараткан чоң ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунда, тескерисинче, ар бир бешинчи улгайган адамдын 15тен небереси бар.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте улгайган адамдардын 35 пайызынын небереси жок экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ведомство улгайган адамдардын катарына жашы 50дөн өтүп калгандарды киргизген.

Баткен облусунда, тескерисинче, небере жыттаган адамдардын саны көп. Тагыраагы, 50 жаштан өткөн адамдардын 3,6 пайызынын гана балдары уул-кыздуу боло элек.

Ал эми киши башына неберелердин саны боюнча биринчи орунда Ош облусу турат. Бул аймакта ар бир бешинчи улгайган адамга 15тен небере туура келет. Анын артынан Баткен жана Нарын облустары келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0