Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +3…+8 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын аймагында —2…+3 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Бишкекте күндүн табы +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0