Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
1-декабрда өлкө аймагында кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрда республика боюнча кар жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө —2…-7 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде —2…-3, Ысык-Көл облусунда —3…-2, Нарын аймагында —2…-7 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, абанын температурасы Ош шаарында +3…+5…градус жылуу болсо, Бишкекте —8…-10 суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0