Министр ЕЭК по энергетике и инфраструктуре Адамкул Жунусов

Финпол: Бажы кызматынын экс-төрагасы Жунусов АКШдан келе жатып кармалган

169
(жаңыланган 21:03 06.12.2018)
Издөөгө алынган мурунку жетекчи 4-декабрда колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Нью-Йорктон келе жатып Бакуга конгондо кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда эл аралык издөөгө алынган Жунусовдун 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылган.  Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Жунусовду экстрадициялоо боюнча аракеттерди көрүп жатат.

169
Белгилер:
Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы, Адамкул Жунусов, Нью-Йорк, Баку
Тема боюнча
Финпол: Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан кармалды
Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов издөөгө алынды
Жунусов Адамкул Орокеевич — өмүр баяны
Адамкул Жунусов Бажы кызматынын жетекчилигинен бошотулду
Пикирлер