Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
7-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жума, 7-декабрда, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөнүндө +5…+10 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +7…+12, Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын аймагында —4…+1 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Ош шаарында +10…+12, Бишкек шаарында +5…+10 нөлдөн жогору болору күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0