Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
10-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 10-декабрь, дүйшөмбүдө, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында +3…+8 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында күндүн табы +5…+10 градуска чейин көтөрүлсө, Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болору айтылды.

Маалыматка ылайык, Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Ошто +8…+10, борбор калаада +5…+7 градус жылуу болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0