Өткөн аптада 176 мас айдоочу кармалды. Бир жумалык тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с пьянством за рулем в КР
Борьба с пьянством за рулем в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 30-ноябрдан 6-декабрга чейин эң көп бузулган жол эрежелери тизмектелди.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бир жума ичинде автоинспектролор 16 516 айдоочуга айып салгандыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Тартип коргоочулар Кыргызстанда 30-ноябрдан 6-декабрга чейин эң көп бузулган жол эрежелеринин тизмесин берди.

— 4205 айдоочу коопсуздук курун тагынбай жүргөн;

— 3255 айдоочу рулда баратып чөнтөк телефон менен сүйлөшкөн;

— 2930 жаран жол белгилерине карабай айдаган;

— 1511 айдоочу жолдо кетип бара жаткан башкаларга тоскоолдук жараткан;

— 1366 айдоочу рулда кетип бара жатып автоунаанын ылдамдыгын жогорулатып жиберген;

— 1236 киши түндө темир тулпарын жарыксыз айдап жүргөн, тагыраагы, иштебей калган;

— 394 айдоочу жол чырак кызыл түсү күйүп турганда өтүп кеткен;

— 176 киши автоунааны мас болуп алып айдаган;

— 36 айдоочу автокөлүгүнүн алдыңкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып айдап жүргөндүктөн айыпка жыгылган.

Булардын ичинен 846 автоунаа айып короого токтотулганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0