Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
12-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Шаршемби, 12-декабрда, өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө +2…+7 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +5…+10, Ысык-Көл облусунда +2…+7, Нарын аймагында —4…-9 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Ош шаарында +8…+10, Бишкекте +2…+7 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0