Бейшембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Michael ProbstКол чатырчан адам. Архив
Кол чатырчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 13-декабрь, бейшембиде, республиканын айрым өрөөндөрүн ала булут каптап, кыска убакытка жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9 градус, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +5…+10 градус, Ысык-Көлдө +2…+7 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде —5…-10 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек калааларында күн ачык болуп, Ошто +8…+10, Бишкек шаарында +7…+9 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0