Бурганактап кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин билдиришинче, жума ичинде бийик тоолуу аймактарга кар калың түшөт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 17-декабрда күндүзү тоолуу райондорго кар түшөт. 18-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Жолдор тоңот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин бир катар аймактарында беш күн газ болбойт
Ал эми 19-20-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар түшөт. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

21-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

22-декабрда жаан-чачын болбойт. 23-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0