Январда аба ырайы былтыркыдан өзгөчө болот. Синоптиктердин божомолу

Жазылуу
2019-жылдын январь айында кар аз түшүп, бирок суук былтыркы жылга караганда катуураак болору айтылды.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология кызматы 2019-жылдын январь айында аба ырайы кандай болорун, сууктун күчү канча градуска жетерин алдын ала билдирди.

Чүй

Кар учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бурганактап кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 2° төмөн болору айтылды.

Чүй облусунда январдын ичинде абанын температурасы түнкүсүн —4…-9° сууктан —10…-15° суукка чейин жетет. Ал эми күндүз 1…6° жылуулуктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Кээ бир күндөрдө —20…-25°, күндүз —8…-13°суукка чейин жетет. Чуй өрөөнүнүн түндүгүндө түнкүсүн —23…-28°, күндүз —10…-15° суукка чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.

Талас

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болору кабарланды. Январь ичинде абанын температурасы түнкүсүн —8…-13° сууктан —15…-20° суукка чейин түшөт. Күндүз 0…5° жылуулуктан —1…-6° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн —23…-28°, күндүз —10…-15° суукка чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен

Кургап калган жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таза суу тартыш боло баштайт. Окумуштуулардын иликтөөсү
Башка аймактарга салыштырмалуу аталган аймактарда күн бир топ жылуу болот. Бул үч облуста орточо температура климаттык нормадан 1…3° төмөн болору кабарланды. Айдын ичинде түнкүсүн —1…-6° сууктан —8…-13° суук болот. Ал эми күндүз 2…7° жылуулуктан 0…-5 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо түнү —3…-8 градустан, —10…-15 градуска чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан —2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Жаан-чачын нормадан аз түшө турганы айтылды.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болот. Январдын ичинде түнкүсүн —3…-8 градустан —10…-15 градуска жетет. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында —20…-25° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан —3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот.

Нарын

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° болот. Январдын ичинде түнкүсүн —10…-15° сууктан —18…-23° суукка чейин, күндүз —5…-10° сууктан —11…-16° суукка чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал. Кээ бир күндөрдө абанын температурасы түнкүсүн —25…-30°суукка, күндүз —15…-20°суукка чейин болот. Ат-Башы районунда түнкүсүн —30…-35°, күндүз —17…-22° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болору айтылды.

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнү

Бул жерде орточо температура бир айда климаттык нормадан 1…2° төмөн болот. Түнкүсүн суук —17…-22 градус, андан ары —25…-30 градуска жетет. Күндүз —8…-13° сууктан —15…-20° суукка чейин өзгөрүп турушу мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болору айтылды.

Суусамыр өрөөнү

Тегеран шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азиянын ири шаары жер алдында калышы мүмкүн
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 3…5° төмөн болот. Түнкүсүн —24…-29° сууктан —30…-35° суукка чейин жетет. Ал эми күндүз —13…-18° сууктан —20…-25° суукка чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрдө түнкүсүн —40…-45° суукка, күндүз —23…-28° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот.

Ошентип 2019-жылдын январь айында кар аз түшүп, бирок суук былтыркы жылга караганда катуурак болору кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0