Жаңы жыл түнү аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничные мероприятия и народные гуляния на площади Ала-Тоо
Праздничные мероприятия и народные гуляния на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 31-декабрга чейин аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, 27-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарына кар түшөт. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Зажжение главной новогодней елки в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылга жакын кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
28-29-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп тайгак болот.

Ал эми 1-январда жаан-чачын күтүлбөйт, 2-январда кар жаайт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0