Кар жаап, жолдор тайгак болот. Дем алышка карата аба ырайы

© AFP / JOHANNES EISELEТайгак жолдо бараткан унаа. Архив
Тайгак жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдор тоңуп тайгалак болот.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эртең, 29-декабрда, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, ишемби күнү жолдор тоңголок, тайгак болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми жекшемби күнү, 30-декабрда, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Чүй, Талас, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0