57 жаштагы киши 25теги жигиттин паспорту менен КРге өтүүгө аракет кылган

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстан жаранынын паспорту. Архив
Өзбекстан жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурак учурунда тууганынын паспортун алып жүргөнүн моюндаган.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Чечме" бекетинен Кыргызстанга башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, мыйзам бузган киши бүгүн, 28-декабрда, колго түшкөн.

"Өзбекстандын 57 жаштагы жараны чек арадан 25 жаштагы жигиттин паспортун көрсөткөн. Кызматкерлер ал жаш курагынан кыйла улуу көрүнгөндүктөн андан шек санаган. Сурак учурунда ал тууганынын паспортун алып жүргөнүн моюндаган", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү материалдар толтурулгандан кийин кармалган киши ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0