Шашылыш билдирүү! Ашуудагы жолдорго кар көчкү түшөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектиги эскертилет.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 4-январдан 7-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал.

Буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектиги эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0