Күрөш. Архив

Кыргызстандын кайсы облусунун жаштары спортко жакын. Статистика

820
(жаңыланган 21:35 05.01.2019)
Азыркы тапта Кыргызстандын калкынын бир пайызы да өмүрүн спортко арнаган эмес. Ал эми өлкөдөгү спорт мектептерине бир жылга 393, 9 миллион сом бөлүнөт.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагында 73 спорт мектеби бар. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

2018-жылга карата чыгарылган статистикага ылайык, өлкөдөгү спорт мектепте машыккандардын жалпы саны 43 980 адамга жетет. Бул сан Кыргызстан калкынын 0,84 пайызын, ал эми 9дан 29 жашка чейинки жаштардын 3,6 пайызын түзөт.

Аймактардагы спорт мектептердин саны жана жылдык бюджети төмөндөгүчө:

— Ош облусу — 9 (мектеп), бюджети — 43 миллион 956 миң сом;

— Чүй облусу — 11, бюджети — 49 миллион 826 миң сом;

— Нарын облусу – 10, бюджети – 39 миллион 669 миң сом;

— Талас облусу — 8, бюджети — 29 миллион 117 миң сом;

— Жалал-Абад облусу — 16; бюджети — 54 миллион 163 миң сом;

— Ысык-Көл облусу — 9, бюджети — 46 миллион 83 миң сом;

— Баткен облусу — 6, бюджети — 15 миллион 473 миң сом;

— Бишкек шаары — 4, бюджети — 115 миллион 590 миң сом.

Аймактар боюнча салыштыра келгенде Жалал-Абадда спорт менен машыккан жаштардын саны 8810го жетип сап башына чыкса, спортчуларынын саны 3828ди түзгөн Баткен облусу эң төмөнкү сапка түшкөн.

Ал эми облустарда жашаган калктын жана жаштардын (9дан 29га чейинки курактагылар) санына карап эсептегенде Баткен облусу позициясын өзгөртөт. Өрүкзарлуу дубанда жашаган калктын 0,74, жаштардын 2 пайызы спорт мектебинде окуйт. Мында дагы Жалал-Абад облусу алдыга чыгып элдин 0,73, жаштардын 7,5 пайызы спортту тандаганы жазылат. Ош облусунда болсо спорт мектебинде тарбиялангандардын саны өтө эле аз, алар калктын 0,46, жаштардын 1,2 пайызын түзөт.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн статистика Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин карамагындагы спорт мектептеринде окугандардын саны боюнча түзүлгөн.

820
Белгилер:
жаштар, статистика, бюджет, Спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
Быйыл кайсы спортчулар бүлө күттү? Улакчы Ниязовдон тарта балбан Алтынайга чейин
Алдыңкы спортчулар айына 1000 доллардан алабы? Өкмөттүн жаңы токтому