Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековРазработка месторождения Джеруй в Таласской области /
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 8-январда республиканын көпчүлүк райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градуска жетет.

Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө —7…-12, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы +5…+7 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0