Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын ар облусунда жашаган тургундардын тууган-туушкандарына көрсөткөн материалдык жардамын эсептеп чыкты.
Маалыматка ылайык, жек-жаатына нарындыктар көбүрөөк жардам берет экен. Мында бир кишиге 97 сом туура келгени айтылат. Экинчи орунда Ысык-Көлдүн жашоочулары турат (69 сом). Ал эми үчүнчү сапты 36 сом менен Бишкектин тургундары ээледи.
Ош шаарында финансылык жардамдын орточо көлөмү 31 сомдун айланасында болсо, Баткенде 20, Таласта 17 сомду түзөт. Ош облусунда туугандарга жардам бир кишиге болжол менен 8 сом болсо, Чүйдө 5 сомдун тегерегинде. Ал эми эң аз жардам көрсөткөндөр Жалал-Абад облусунда. Бул жакта бир кишиге болгону 2 сомдон айланат.
Кыргызстандыктардын жашоо шарты менен да таанышып алыңыз. Sputnik инфографика жасаган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ордо калаадагы эстетикалык-медициналык клиниканын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаевадан аялдар үчүн маанилүү жана керектүү суроолорго жооп алып, маек курду.
— Клиникаңар эмнеге эстетикалык-медициналык клиника деп аталат?
— Бизде сулуулукка байланыштуу процедуралардын баары, операциялар жасалат. Алсак, дермокосметология. Мында теринин ар кандай көйгөйлөрүн чечебиз. Чач (трихология) боюнча адистерибиз Россиядан окуп келген. Пластикалык операциялар жасалат. Пластикалык операция десе эле көбү обу жокторду ойлошот. Бирок мен буга кошулбайм. Андай операцияны ар ким ар кандай себептер менен жасатып калышы ыктымал. Мисалы, кырсыктап мурду сынгандар, жакшы дем ала албай жаткандар келип мурдуна операция жасатып кетишет.
Дене мүчөлөрүнө операция жасаган хирургдарыбыз бар. Клиникага таптакыр төшү жок, төшү өспөгөн кыздар келип төш салдырып кеткен учурлар болгон. Ал кыздарды көргөндө эркек го деп эле ойлойсуң.
Эстетикалык гинекология жана сексопатология боюнча адистер бар. Гинекологдорго эрозиям бар же төрөй албай жатам деп келишпейт. Жыныстык жашоом жакшы болбой жатат деген көйгөй менен кайрылышат.
— Аны кандай жол менен чечесиңер?
— Төшөк маселеси бактылуулугубуздун 90 пайызын чечерин көбүбүз билебиз, түшүнөбүз. Бул үй-бүлө атмосферасын кармап турууда абдан маанилүү. Ошол себептен аялдар күйөөсүнө ошол жаатта жагуу үчүн кайрылышат. Мисалы, гинекологдорубуз кынды кичирейтип, дайыма эле кургак болуп жаткан аялдын көйгөйүн чечет.
Кынды кичирейтүүнүн түрлөрү көп. Эгер аял "дагы төрөйм, бирок жолдошум ыраазы болбой жатат" десе анда жип менен өйдө көтөрүп коюшат. Эгерде "болду төрөбөйм же операция менен эле көз жарам" дей турганы болсо, анда өздөрүнүн уруксаты менен операция кылып, жатынды көтөрүп, кынды кичирейтишет.
Мындан сырткары, кадимки бетке жасалгандай аялдардын жынысына да жашарткан процедуралар жасалат. Андан кийин ал органдарда кан жүгүрүү жакшырып, чымыр болуп калат.
— Мындай операциялардан кийин күйөөсү менен болгон мамилеси жакшырып же бекемделген учурлар болобу?
— Болот. Себеби, биринчиден, сексуалдык сезимдери бөлөкчө болуп өзгөрөт. Эң башкысы — аялдардын өзүнө болгон ишеними жогорулайт.
— Жакында "кыздык" белги кыздарга эмне себептен керек экенин айткан видеоңузду жарыялап, ал тууралуу соцтармакка билдирүү калтырдыңыз эле. Колдонуучулардын реакциясы кандай болду?
— Аны ар ким ар кандай кабыл алды окшойт. Айрым ЖМКлар кыздардын укугун тебеледиңер дегенге чейин барышты. Бирок мен ал жерде бирөөнү "ушундай кылышыңар керек" деп мажбурлаган жокмун. Болгону бир жагынан эне, бир жагынан медик катары айттым. Дагы эле ошол оюман кайтпайм. 16-17 жашында көп кыздардын жыныстык мамиле тууралуу маалыматы аз болот. Соцтармакта отургандары менен ал тууралуу көп билбейт, ден соолукка тийгизген таасирине кызыгышпайт. Кыздык белги аялды көп нерседен коргоп турат. Бирок бул белги алынгандан кийин ал жер ачылат, сезгенүү болот, оорулары көбөйөт. Бир аз жеңил кийинсе эле суук тиет. Айрымдары сактанганды билбей боюна бүтүп калып жатат. Андан кийин аборт жасалып, аялдар кийин төрөй албай калышууда. Ошол себептен бул белгинин мааниси тууралуу айткам.
Дагы бир жолу эч кимге оюмду таңуулабайм, моралдык басым жасабаганымды айтып кетейин. Болгону биз улуттун келечегин бузбай турчу нерселерибизди сактап калышыбыз керек.
— Соцтармакка аялдарга мотивация бере тургандай билдирүүлөрдү да байма-бай жазып турасыз.
— Адам канчалык көп киши менен иштешсе, көп жерге барса аң-сезими, дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы да өсүп, өзгөрөт экен. Меники да өзгөрдү, өстү. Айрым учурда жөн гана ой толгоом менен соцтармак аркылуу бөлүшкүм келет. Аны жазгандан кийин окурмандарга жагып, жакшы пикирлерди калтырышат.
Бирок биз канчалык мотивация берген менен өзгөрүүгө ар бир адам, ар бир аял өзү бышылып жетилиши керек экен. Өзү жетилмейинче 10 коуч, 10 тренердин сабагы да жардам бербейт.
— Жеке жашооңузду көп жарыялабайсыз. Өзүңүз тууралуу да айтып бериңизчи. Клиниканы кантип ачып калдыңыз эле?
— Өзгөчөлүгүм жок. Кыргыздын аялдары тарткан түйшүктү мен деле тартып келе жатам. Жолдошум, үч балам бар. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле бирде өйдө, бирде ылдый дегендей.
Кайра өз алдынча иштегим келип Ош базарынан бир кабинет ачып, ал жактан дерматолог, косметолог катары эмгектенип жүрүп акырындап кеңейтип, клиникага жеткирдим. Адистердин медициналык билимине абдан басым жасачумун. Кийин көбү өз алдынча бөлүнүп кетип клиника ачышты. Биздин жай аларга стартап болду десем болот.
Азыр Ошто дагы ушул сыяктуу клиника ачтык. Ал жакка жалгыз жетишпей жаткандыктан, апам менен иним жардам берүүдө.
— Жаз келди. Аялдар ажарлуу болуп, бетине туура кам көрүүдө эмнелерди эске алышы керек? Косметолог катары кеңешиңиз.
— Бир крем менен эле сулуу болуп калам деп ойлобогула деп айтат элем. Бетке дайыма кам көрүп туруу шарт. Мисалы, күндө жатарда бетти таза жууп, бет май сүйкөп жатуу зарыл. Эртең менен көчөгө күндөн коргой турган бет майды коймоюн чыкпагыла! Болду, ушул эң эле жөнөкөй нерселерди жасап турууну адатка айлантып алыш керек.
Ал эми 30 жаштан кийин ар дайым сулуу болгуңуз келсе, анда да бир эле крем жардам берип, жаштыкты сактап кала албайт. Азыр идеалдуу образдар бар. Ошолордой болгусу келгендер косметологиялык процедураларды сөзсүз колдонушу шарт.
Өзүнө кам көрүү, туура тамактануу туруктуу болбосо эч натыйжа бербейт. Айрымдары косметологиялык процедурага бир келет дагы ошол бойдон бардык жүктү дарыгерге жүктөп, өзү аракет кылбай коёт, жалкоолор бар. Алар бир барсам эле суйкайып чыгып калам деп ойлошот. Бирок айрым процедуралар комплекстүү дарылоону талап кылат. Ошол себептен аялдарга бир нерсеге киришкенден кийин аягына чейин чыккыла деп айтам.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Сапардын статусу жана аны кимдер коштоп барары азырынча белгисиз.
Бул Жапаровдун чет мамлекетке үчүнчү сапары болмокчу. Буга чейин ал Россия менен Казакстанга барган. 27-февралда мамлекет башчы Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
Советтер Союзунун Баатыры, Россиянын тарыхындагы алгачкы аял генерал, коомдук жана саясий ишмер Валентина Терешкованын бүгүн туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги космонавт тууралуу кызыктуу фактыларды чогултту.
Эки жашында атасынан ажыраган. Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Россиянын Ярослав облусуна караштуу Тутаев районунда карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Владимир Терешков трактор айдаса, апасы Елена Терешкова текстиль фабрикасында иштечү. Болочоктогу космонавт бөбөк кезинен эле атасына жакын өсөт. Тилекке каршы, Владимир Терешков 1939-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, совет-фин согушунда дайынсыз жоголот. Ошентип жашы экиге эми келген кезинде эжеси Людмила жана иниси Владимир менен бирге атасыз калат. Ансыз деле жакыр жашоо өткөргөн үй-бүлөнүн абалы андан бетер кыйындайт. Мындан улам апасы 1945-жылы үч чүрпөсүн ээрчитип, жакшы турмуш издеп Ярославль шаарына көчөт.
Окуучу кезинде заводдо иштеген. Валентина Терешкова шаардагы мектептердин биринин босогосун 1945-жылы аттаган. Окуучулук кезинен эле коомдук жана маданий иш-чараларга активдүү катыша баштайт. Билим жагынан да алдыңкы жаштардын катарын толуктап, аны менен бирге эле домбурада да кол ойнотот. Бирок 7-классты аяктаган кезинде материалдык абалы оор болгон үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн дөңгөлөк чыгаруучу заводго ишке кирет. Мектептеги мугалими Валентина тууралуу түшүндүрмө катында "Үй-бүлө чындыгында эле жакыр жашайт. Жеке үйдүн бир бөлмөсүндө күн кечиришет. Эмеректерден керебет, стол жана бир нече отургуч гана бар" деп жазган жайы бар. Ошентсе да иштермандыгы менен айырмаланган кыз жумушу менен бирге окуусун да алып кете аларына көзү жетип, билим алуу үчүн кечки мектепке которулат. Арадан бир жыл өткөн соң апасы жана эжеси менен чогуу болуу үчүн алар иштеген текстиль комбинатында жумушун улантат. Ошол эле учурда билимин өркүндөтүү үчүн Жеңил өнөр жай техникумун сырттан бүтүрөт. Жумушу менен бирге эле комбинаттын маданият үйүнө караштуу элдик инструменттер оркестринде домбурада ойнойт. Иш жана музыка менен эле чектелбей спорттун парашюттан секирүү түрү менен да алектене баштайт. Жүздөн ашык жолу асмандан секиргени менен бул жаатта көп деле белгилүүлүккө жетишпейт. Бирок парашюттан секирүү менен алектенүүсү космонавттарды тандоо учурунда чоң жардамын тийгизет.
Алгачкы аял-космонавт. СССР ал кезде космосту багындыруу жаатында алдына эч кимди салдырбаган өлкө эле. 1961-жылы Юрий Гагарин космоско учкан алгачкы адам болот. Өлкө башчылары мындай ийгилик менен эле токтоп калбастан аял-космонавтты да учурууга бел байлашат. 1962-жылы бүт өлкө боюнча жашы отузга, бою 170 сантиметрге, салмагы 70 килограммга жетпеген, ден соолугу чың жана орто билимден төмөн болбогон диплому бар айымдар арасында тандоо жүрө баштайт. Ошентип жүздөгөн талапкердин ичинен арасында Терешкова да болгон бешөө тандалат. Алар бир жылдай психологиялык жана дене-бой жактан өтө оор сыноолордон өтүшөт. Терешкова көпчүлүк тапшырмалардын жыйынтыгында атаандаштарынан артта калса да аягында космоско учууга мүмкүнчүлүк алат. Комиссия мүчөлөрүнүн эмнеге аны тандагандыгы тууралуу ар кандай кептер айтылып келет. Терешкованын коомдук иштерге активдүү катышуусу, уюштуруучулук жагынан чеберчилиги жана карапайым үй-бүлөнүн кызы экендиги негизги себептердин бири болгон дешет. Мындан улам космостон келген соң өлкө ичинде гана эмес, эл аралык аренада да СССРди татыктуу көрсөтө аларына ишеним чоң болгон.
Космостон коноору менен кымыз ичкен. Валентина Терешкова 1963-жылы 16-июнда 26 жашында "Байконур" космодромунан орбитага аттанат. Ал учаар алдында белгилүү "Эй, асман! Шляпаңды чеч!" сөзүн айткан соң "Восток-6" космостук кемеси менен Жер планетасынын сыртына чыгат. Учаар алдында үйүндөгүлөр кам санабасын деп парашюттан секирүү боюнча мелдешке катышууга кетип жаткандыгын айткан. Үй-бүлөсү чыныгы себепти башкалар сыяктуу эле жаңылыктардан угушат. Терешкова космосто бир катар кыйынчылыктарды башынан өткөргөн экен. Көңүлү айланып, абалы начарлайт, кеме да бир катар техникалык мүчүлүшүктөргө учурайт. Ошентсе да ал орбитада үч сутка өткөрүп, Жерди 48 жолу айланган соң кайрадан Алтай аймагына конот. Бирок коноору менен техникалык жана медициналык коопсуздукту бузуп жиберет. Анткени космонавтты тосуп алып, скафандрынан чыгарууга жардам берген жергиликтүү калкка космосто желе турган тамак-аштарды тартуулап, ал гана эмес алтайлыктар ала келген азыктарды жеп, кымыздан ичип жиберет. Бул кылыгы үчүн жетекчилеринен сөз уккан жайы да бар.
Космостон кийинки жашоосу. Партиянын чоңдору күткөндөй эле Валентина Терешкова "алгачкы аял-космонавт" наамын татыктуу алып кетет. Атагы бүт дүйнөгө тарап, бир катар эл аралык сапарларда СССРди жогорку деңгээлде таанытат. Бирок "кайра келбей турган болсом да Марска учууга даярмын" дегенине карабай экинчи жолу космоско учуу мүмкүнчүлүгү болбойт. Коммунисттик партия космонавттын эмгегин эске алып 1966-жылы Жогорку советке депутат болуп шайланат. СССР ураганга чейин саясий аренадан түшпөй эл өкүлү катары кызмат кылат. Ошол эле кезде өз тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшкөндү да унутпайт. Ондогон жылдар бою космонавттар отрядында инструкторлукту аркалайт. Россия өз алдынча болгон соң да коомдук жана саясий иштерге активдүү катышууну таштабайт. Космонавттарды даярдоо борборунда жогорку илимий кызматкер катары кызмат өтөп, 2011-жылы "Единая Россия" партиясынын катарында Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган.
Кол салууга учураган. Валентина Терешкова 1969-жылы куралдуу кол салууга учурап, бир өлүмдөн калган жайы бар. Январь айынын аяк ченинде арасында Терешкова жана Алексей Леонов да болгон бир катар космонавттар партия башчысы Леонид Брежнев менен жолугууга бет алышат. Аларды ташыган мамлекеттик кортеж Кремлдин аймагына кирип жаткан кезде ок атылат. Кол салуудан улам космонавттар бара жаткан унаанын айдоочусу каза болуп, калгандары жаракат албай кутулушат. Коргоо кызматкерлери кылмышкерди дароо ошол жерде кармашкан. Кол салган адам аскерде кызмат өткөн кенже лейтенант Виктор Ильин болгон. Ал сурак учурунда Брежневди өлтүрүүнү пландаганын айткан. Медицина кызматкерлери ага карата акыл-эси жайында эмес деген тыянак чыгарып, ок чыгарган киши көп жылын психиатрикалык ооруканада өткөрөт. Окуя ошол кезде ачыкка чыгарылбай, арадан 20 жыл өткөн соң гана белгилүү болгон.
Үй-бүлөлүк жашоосу. Валентина Терешкова космоско учкандан кыска убакыт өткөн соң кесиптеши космонавт Андриян Николаев менен мамиле куруп баштайт. Эки космонавттын сүйүүсү жогорку бийликтегилер тарабынан да жылуу кабыл алынат. Баш кошуу үлпөтү Ленин тоосундагы өкмөттүн резиденциясында өтүп, ага өлкө башчысы Никита Хрущев да катышат. Бир жылдан соң жаш үй-бүлө Елена аттуу кыздуу болушат. Атасы да, апасы да космоско учкан алгачкы кыз болгон Елена азыркы учурда дарыгерлик менен алектенет. Терешкова жеке жашоосу тууралуу сөз кылганды анчалык жактыра берген эмес. Анткен менен жубайлардын мамилеси ойдогудай болбогондугу тууралуу сөздөр айтылат. Космонавт менен сүйлөшкөн журналисттердин бири Терешкованын күйөөсү тууралуу "иште алтын, үйдө зөөкүр" деп айтканын жазып чыккан. Бирок бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чын экендиги белгисиз. Ошентсе да жубайлар жалгыз кызы бой жеткиче чогуу түтүн булатып, 1983-жылы ажырашып кетишкен. Терешкова экинчи жолу белгилүү аскер дарыгери, генерал-майор Юлий Шапошниковго турмушка чыгат. Экөө 1999-жылы Шапошников дүйнөдөн өткөнгө чейин чогуу жашашкан.
Маалымат ачык булактардан алынды.