Президент Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Жээнбеков 2019-жылы эмнеге басым жасаларын айтты

806
(жаңыланган 11:16 11.01.2019)
Сооронбай Жээнбеков санарип технологиялары жашоонун бардык тармактарына — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине кирерин айтты.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 2019-жыл — "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштады.

Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

Президенттин айтымында, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

"Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат", — деди өлкө башчы.

Ал ошондой эле санарип технологиялары жашоонун бардык тармактарына — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине кирерин белгиледи. Ошондой эле "Коопсуз шаар" жана "Коопсуз жол кыймылы" долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Мамлекет башчысы "Түндүк" электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөрүн эске салды. Мындан улам ар кандай мамлекеттик органдын эшигин каккылап, справка же башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтойт.

"Керектүү маалыматты чиновник өзү таба турган болот. Бул жашоонун бардык тармактарына тиешелүү, анын ичинде адамдын соттолбогондугу тууралуу справка, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу, паспорт, айдоочулук күбөлүк, жарандык актыларды алуу, транспорт каражаттарын каттоо электрондук форматка которулат", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз байланышта болуусун кескин азайта турганын кошумчалады.

806
Белгилер:
өнүктүрүү, аймак, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Европага жеткен шырдак, топоздун эти. Нарындыктар дагы эмнеси менен мактанат
Түркияга чейин экспорттолгон пахта, тамеки... Ош облусунда эмнелер өндүрүлөт
Пикирлер