Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТоодо эс алып жүргөн адамдар. Архив
Тоодо эс алып жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-янв.— Sputnik. Бейшемби күнү, 10-январда, өлкө аймагында күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Талас өрөөнүндө +2…+7 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +3…+8 градус, Ысык-Көл облусунда —3…+2, Нарын аймагында —8…-13 градус суук болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +5…+7, Ошто +6…+8 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0