Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болобу? Синоптиктердин жообу

Жазылуу
Россияда болуп көрбөгөндөй суук башталса, Казакстанда күндүн көзү бир топ бузулду.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы анча сууктабай турганын Sputnik Кыргызстанга Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн жетекчиси Махбуба Касымова кабарлады.

Россияда суук катуу болуп, Самара облусунда түнкүсүн сууктун күчү –28 градуска жетүүдө. Россиянын башка аймактарында да ушундай абал. Казакстанда да күндүн көзү бузулду.

"Бизге аба ырайынын агымы түштүк-батыш тараптан келе жатат. Өтө деле катуу суук байкалбайт. Көп учурда континенттин Европа тарабындагы бөлүгүндө cуук болсо, бизде тескерисинче, аба жылуу тейде. Жаан-чачын жааса да, абанын температурасы кескин төмөндөбөйт", — деди Касымова.

Ал жакынкы күндөрү аба ырайы өзгөрө тургандыгын, бирок кескин түрдө болбостугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0