Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жюльен Маттиа / Медиабанкка өтүүСнегопад в Париже
Снегопад в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 12-январда республика боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта —1…+4 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл, Нарын жергесинде —11…-16 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, абанын температурасы борбор калаада +1…+3, Ош шаарында +4…+6 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0