Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 15-январда республиканын көпчүлүк райондорунда күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас облусунда +4…+9 градуска чамалап барат.

Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө —8…-13 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +5…+7 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0