БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өкмөт коомдук жайда түкүрүү үчүн айып пул каралган беренени башкага өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер Жеңиш Разаков кабарлады.
2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Эреже бузуулар кодексинде түкүрүк боюнча айып пул 71-беренеде каралган. Ошол эле беренеде туура эмес жерде таштанды өрттөө боюнча дагы айтылган. Айып пул 5,5 миң сом.
"Таштанды өрттөгөндөргө 5, 5 миң сом айып салуу туура. Бирок түкүрүк үчүн бул абдан көп. Мындан улам премьер-министр түкүрүктүн айып пулун туура эмес жерде чегилген чылымдыкына теңөө боюнча жыйын өткөрдү. Башкача айтканда, айып пул 1000 сомдун тегерегинде болот", — деди Разаков.
Анын айтымында, өкмөт бул маселени коомчулуктун нааразычылыгынан кийин карап чыгууну чечкен.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нарында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин "Шыпыргы өмүр" поэмасынын негизинде инсценировкаланган фарс-интерпретация жанрындагы спектаклинин премьерасы болду. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгү аймактык кабарчыга билдирди.
Театрлаштырылган программа Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында өтүп, бет ачар аземге чыгарманын автору, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун мүчөсү Кожогелди Култегин катышты.
Алгач чыгарма конокторго тартууланган соң автор поэмаларынын ичинен, сахнага алып чыгууга мүмкүн эмес болгон аталган поэманы сахналаштырган режиссёр Шамбет Мендебаировго жана ролдорду ийине жеткире аткарган театр ишмерлерине ыраазычылык билдирди.
"Мен алгач "Мөөркан апа" деген поэмамды койгон экен деп ойлодум. Анткени ал поэмада Мөөркан апанын акыркы окуялары Нарында өтөт. Бирок "Шыпыргы өмүрдү" сахналаштыруу оңой эмес жумуш. Себеби бул поэма сахнага ылайык келбейт эле. Даяр жазып берген драманы коюштун өзү канчалык оор, ал эми поэманы коюш андан да түйшүктүү иш. Поэма баяндалып жазылат. Шамбет мырза мүмкүн болбогон нерсени сахнага алып чыгып эрдик жасады. Бул театрдын тарыхындагы өзгөчө окуя болду. Театрдын жамаатына терең ыраазычылык билдирем жана ар дайым иштешүүгө макулмун", — деди автор.
Жогорудагы чыгарма буга чейин 18-19-февраль күндөрү көрүүчүлөргө тартууланган. Анда кыргыз элинин бүгүнкү тагдыры, 30 жылдан бери миграция маселесине байланышкан трагедиясы чагылдырылган.