Февраль ичи жылуу болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

Жазылуу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги февраль айына карата аба ырайынын божомолун таратты.

Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот.

Чүй менен Кемин өрөөнү

Чүйдө —1…-3, Чүйдүн түндүгү менен Кемин өрөөнүндө, ошондой эле тоо этектериндеги райондордо —4…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —3…-8 градус сууктан —10…-15 градус суукка чейин, күндүз —1…-6 градус сууктан 3…8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат. Ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн —17…-22, күндүз —5…-10 градуска жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 18-29 мм).

Талас облусу

Кар тазалап жаткан мэрия кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —2…-4 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —5…-10 градус сууктан —11…-16 градуска чейин, күндүз 0…-5 градус сууктан 4…9 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Ай ичинде кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн —17…-22, күндүз —5…-10 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (21-23 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 0…-2, тоо этектериндеги райондордо —1…-3 градус суук болору айтылды.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан —7…-12 градуска чейин, күндүз 0…-5 градус сууктан 5…10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турмакчы.

Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн —2…-7 градустан —10…-15 градус суукка чейин, күндүз 0…-5 градус сууктан 3…8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (17-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 37-93 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп —1…-3, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында —4…-6 градус суук болушу мүмкүн.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —2…-7, күндүз 0…5, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн —7…-12, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

Нарын облусу

На улице города зимой - Sputnik Кыргызстан
Фрунзенин кышы жана кыздары. Жарым кылым мурдагы Кыргызстандын сүрөттөрү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп —10…-12, Кочкор районунда —5…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —8…-13 градус сууктан —15…-20 градус суукка чейин, Ат-Башы районунда —20…-25, күндүз —4…-9 градус сууктан —10…-15 градус суукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (11-14 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп —13…-15 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —15…-20 градус сууктан —21…-26 градус суукка чейин, күндүз —4…-9 градус сууктан —10…-15 градус суукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн (25-27мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —17…-19 градус суук болот.

Ай ичинде сууктун күчү түнкүсүн —23…-28 градус сууктан —30…-35 градуска чейин жетет. Күндүз —8…-13 градус сууктан —15…-20 градус суукка чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (15-17 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0