Казакстандагы 42 градустук суук Кыргызстанга да келеби. Божомол кандай?

Жазылуу
Жылуу күндөр аяздуу абага алмашат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстанда 42 градуска жеткен суук болорун Sputnik Казакстан Казгидрометке шилтеме кылып кабарлады. 

Кар түшкөн селкинчек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Февраль ичи жылуу болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Аба ырайы эс алуу күндөрү 26-27-январда өзгөрөт. Өлкө аймагында түнү термометр –30 градустан –38ге чейин түшөт. Күндүзү –18…–27, ал эми кээ бир аймактарда –30га жетет.

Мындан улам шашылыш билдирүү таратылган. Өлкөнүн түндүгүнөн өткөн муздак антициклон менен Орто Азиянын үстүнөн өткөн жылуу аба ырайы түштүк-чыгыш Казакстандагы катуу шамалга жана ашууларда кардын түшүүсүнө себепкер болот.

Кыргызстанда кандай болот?

Кыргызстанда да күн сууктай турганы, бирок аяздын күчү Казакстанга жетпеси айтылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн жетекчиси Махбуба Касымова берди.

"Аба ырайы 27-28-январда 9-10 градуска чейин төмөндөйт, бирок андан суук болбойт. Арктикалык аба Чүй облусуна тие өтөт, бирок катуу аяз андан ашпайт", — деди Касымова.

Ал Кыргызстанда былтыркыдай суук болбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0