Бир жумага карата аба ырайы. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, кар түшөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 28-29-30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-январда күндүз Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми 31-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт.

1-февралда мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-февралда кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. 3-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0