Кыргызстанда киши колдуу болгон балдар. Үрөй учурган сандар

© AFP / JAY DIRECTOОоруканадыгы өспүрүм. Архив
Ооруканадыгы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпы жонунан өспүрүмдөр кордолгон 136 факты каттоого алынган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 2018-жылы 13 бала киши колдуу болгон. Алардын үчөө өз энесинин колунан ажал тапкан. Бул тууралуу ИИМдин өспүрүмдөр иши боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Кыргызстанда наристелердин өлүмү көп каттала баштады. Кырдаалдан кантип чыгуу керек" аттуу тегерек стол уюштурулду. Анын алкагында Абдрахманов төмөнкүлөрдү билдирди.

"Каза болгон 13 баланын үчөө жаңы төрөлгөн наристелер болчу. Аларды энелери өздөрү өлтүргөн же өмүрүнө коркунуч жаралган абалда калтырып коюшкан. Мындан башка дагы эки факты бар, энелер суицид жасоого аракет кылып, бирок натыйжада балдары чарчап калган. Эки өспүрүм мушташтан улам каза тапкан", — деди ал.

Абдрахманов маалымдагандай, 13 баланын жетөө туугандары тарабынан кордук көрүп көз жумган. Кыргызстанда жалпы жонунан өспүрүмдөр кордолгон 136 факты каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0