Кыргызстандын кайсы аймагы балдар үчүн кооптуу? Прокуратуранын маалыматы

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштум түйүп турган адам. Архив
Муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар үчүн кооптуу жерлердин сап башында Бишкектин райондору турат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Республиканын кайсы аймагында балдар зомбулуктан көбүрөөк жабыр тартарын Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана көзөмөл башкармалыгынын прокурору Чыңгыз Айдаров айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборундагы "Кыргызстанда балдардын өлүмү көп каттала баштады. Кырдаалдан кантип чыгуу керек" аттуу тегерек столдо сүйлөдү.

Айдаровдун айтымында, кооптуу жерлерге Бишкектин райондору кирген.

"Биринчи орунда Биринчи Май району, экинчиде Свердлов, кийинкиде Ленин жана Октябрь райондору турат", — деди прокурор.

Тизмеге Токмок да кирди. Андан кийинкиде Каракол, Ош жана Майлуу-Суу экендиги белгиленди.

Ал эми коопсуз аймак деп Таластын Бакай-Ата менен Талас району табылды. Бул жерлерде жашы жете электерге карата бир да кылмыш иши катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0