Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл аймагында +2...+7 градуска көтөрүлсө, Ошто +3...+8 градуска жетет. Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +4...+6, борбор калаада +7...+9 градус жылуу болору айтылды

Жаңылыктар түрмөгү
0