Мас болуп машина айдагандарга салынуучу айып пулдун көлөмү өзгөрбөйт

CC BY 2.0 / upyernoz / UskarДТП на дорогах КР
ДТП на дорогах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киргизилип жаткан өзгөртүү боюнча мас абалында кармалган айдоочу экспертизадан баш тартса 5500 сом эмес, 17 500 сом төлөйт.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга, Эреже бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө мас болуп алып автоунаа айдагандарга каралган айып пулдун көлөмү 17 500 сом бойдон калганын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт менен депутаттарды айтыштырган "түкүрүк"
Депутаттар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору карап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет. Бирок өкмөт мыйзам долбоорун 2-3-окууда кабыл алып берүүнү суранууда.

Асанов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мас абалында кармалган айдоочу экспертизадан баш тартса, ага салынган айып пул мурдагыдай 5500 сом эмес, 17500 сомго чыгарылганын айтты. Ал эми шаар жана шаардын тышында коопсуздук курун тагынбагандарга каралган айып пул 1000 сом деп бирдей белгиленди.

Депутат Алмазбек Эргешов ичип алып рулга отургандарга айыпты 17500 сомдон көп кароого эмне тоскоолдук болуп жатканын сурады.

Өз кезегинде Асанов жаңы кодекстер иштелип чыгып жатканда ошондой сумма каралганын айтты.

"Эгерде биз жогору көтөрө турган болсок, башка кодекстер дагы бар да. Мисалы, Жоруктар жөнүндөгү кодекстеги айып акчалар ага туура келбей калат. Андай жолго барсак, башкалардын да айып акчаларын көтөрүшүбүз керек. Ошондуктан эксперттер дагы 17500 сом деген суммага токтолгон", — деди министрдин орун басары.

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексти кайра жазганыбыз оң
Эл өкүлү Эргешов мындай кадам туура эместигин белгиледи.

"Менимче бул туура эмес. Эл менен сүйлөшкөндө алар да көтөрүш керек деп жатышат. Мисалы, Польшада мас болуп айдагандарга 19 миң еврого чейин айып каралган экен. Казакстанда 6 миң доллар экен", — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары чынында айыпты көтөрүүгө макул экенин билдирди.

"Айдоочу өзү билип мас болуп айдап жатат. Оор кесепеттерге тушугуп, башка адамдардын өмүрүн кыйып жатат. Ошондуктан учуру келгенде силер тараптан сунуштар болсо биз колдойбуз", — деди ал.

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекс коомдо бир топ талкуу жараткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0