Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСнег в Казани
Снег в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. 10-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -3…+2 градус, Ысык-Көл аймагында -1…-6, Нарын жергесинде -4…-9 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы +3...+8 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +6...+8, Бишкек шаарында 0...+2 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0