Пакетики с продуктами и вещами. Архивное фото

Көл аймагына желим баштык менен бөтөлкө алып кирүү боюнча талкуу болот

172
Парламенттик угуунун 2019-жылдын 1-мартында болору айтылды.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерди ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул туурасында ЖКнын сайтында кабарланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасындагы "жашыл" экономикага өтүү боюнча Жогорку Кеңештин Коомдук кеңешинин ишинин чегинде иштелип чыккан.

Парламенттик угуу 2019-жылдын 1-мартында болмокчу.

Сайтта Ысык-Көл акваториясынын жаратылышын жана экологиясын коргоо боюнча иштин көңүл чөгөрөрлүк абалы боюнча экологдор, активисттер, жарандык секторлордон түшкөн кайрылуулардын саны өсүп жатканы айтылган.

Аталган кеңеш Ысык-Көл биосфералык аймагынын туруктуу өнүгүшүнө көңүл бурууга, полиэтилен пакеттердин, пластик идиштердин терс таасирин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорду талкуулоо чечимин кабыл алган.

"Таңгактоочу материалдардын жаңы өндүрүшүн стимулдаштыруу, жаратылышка зыян келтирбеген тез жок болуучу материалдарды өндүрүүнү, импорттоо үчүн өзгөчө жеңилдиктердин маселелерин талкуулоо күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө аймакка алып келинген жана колдонулган полиэтилен баштыктардын жана бөтөлкөлөрдүн көпчүлүгү көлдүн жээгинде топтолуп, түбүнө чөгүп калары айтылган.

Көптөрдүн көңүл борборунда турган пластик — нефтини кайра иштеткенден кийинки продукция жана ал чиригенде коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарат. Чирүү процесси 50 жылдан 500 жылга чейинки убакытка созулушу мүмкүн.

172
Белгилер:
мыйзам долбоору, баштык, пластик, бөтөлкө, желим баштыктар, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек кара түтүндөн улам таанылбай калганда. Видео
Адам тамак менен кошо канча пластик жейт? Иликтөө
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Батукаевдин иши: шаардык сот Атамбаев боюнча чечимди күчүнө калтырды

0
Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сотттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

"Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Жогорку сотко апелляциялык арыз жазуу боюнча маселе каралууда", — деди Слесарев.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда аталган иш боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

 

0
Белгилер:
чечим, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз
Кой-Таш, атышуу, Атамбаевдин кармалышы. Былтыркы окуянын архивдик видеосу
Ооруканадагы дарылерлер. Архив

COVID-19: акыркы суткада төрт киши акка моюн сунду

13
(жаңыланган 11:07 14.08.2020)
Жаздан бери коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 1491ге жетти. Статистикага вирус козгогон пневмония кошулганын да белгилей кетели.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясына кабылган төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Талас, Ош, Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумган.

Пандемия башталгандан бери жугуштуу оорудан 1 491 кыргызстандык көз жумду.

13
Белгилер:
өлүм, Кыргызстан, пневмония, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өткөн суткада коронавирустан 304 бейтап айыкты
Кыргызстанда дагы 304 кишиден COVID чыкты