Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Таласта +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын аймагында -8…-13 градус суук болору болжолдонду.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр аралаш кар жаап, күндүн табы Ошто +5…+7, Бишкек шаарында +4…+6 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0