Кол чатыр кармаган киши. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

146
(жаңыланган 21:20 11.02.2019)
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. 12-февралда республиканын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Талас облусунда 0…+5 градуска жетет.

Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу болот.

Ош шаарында күн ачык болуп, күндүн табы +4…+6 градуска жетет. Ал эми борбор калаа Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы +3…+5 градус болору айтылды.

146
Белгилер:
аба ырайы, аймак, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанда сууктун күчү 45 градуска жетип, адам өлүмү катталууда
Тюменде тойго баратып суукта калган кыргызстандыктар куткарылды