Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 19-февралда республика боюнча күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +2…+7, Талас облусунда +3…+5 градус жылуу болот.

Нарын өрөөнүндө -5…-7 градус суук, ал эми Ысык-Көлдө +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3…+8 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +5…+7 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0