Ала-Тоо аянтына чогулган эл. Архивдик сүрөт

2020-жылы Кыргызстанда калкты каттоо өтөт

220
(жаңыланган 19:27 19.02.2019)
Каттоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасын талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Анда 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык маселеси, республиканын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жана милдеттер, статистикалык маалыматтарды таркатуунун актуалдуулугу талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы калкты жана турак жай фондун каттоо — бул өлкөнүн аймагында жашаган бардык калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча расмий эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Каттоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасын талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Президент алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоону өлкөнү санариптештирүүнүн, электрондук форматка өтүү алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

"Улуттук статистика комитети маалыматтарды гана чогултпастан, аларды талдап, мамлекеттик түзүмдөргө талдоонун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык багыттагы сунуштарды берүүсү керек. Бул практиканы кайра жандантып, улантуу зарыл", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чаралардын календардык планынын аткарылышына, административдик аймактык чек араларды аныктоо, турак жай карталарын жана республикакалык эмгек классификаторунун даярдалышына кызыкты.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунушуна ылайык, ар 10 жылда калкты жана турак жайды каттоо жүргүзүлөт. Кыргызстанда 2009-жылкы каттоодо калктын саны 5,3 миллион болгону айтылган.

220
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Улуттук статистика комитети, калк, каттоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттар ОСАГО полисин алууну 2021-жылга чейин жылдырууну сунуштап жатат