Кыргызстанда "КР Баатыры" деген жогорку наамга 24 киши татыган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВысшая степень отличия "Кыргыз Республикасынын Баатыры"
Высшая степень отличия Кыргыз Республикасынын Баатыры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик наам алгандарга берилген жеңилдиктер 2012-жылдан тарта жокко чыгарылган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстан боюнча "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку наамга 24 киши татыган. Бул тууралуу президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн депутаттар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун талкуулашты. Ал биринчи окууга киргизилүүдө.

Депутат Бакирдин Субанбеков ушундай мамлекеттик наамга татыгандарга материалдык жардамдар каралган-каралбаганын сурады.

Өз кезегинде Сманбаева 2012-жылдан баштап жеңилдиктер жокко чыгарылганын айтты.

"Эгерде "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген артыкчылык даражасы болуп жана иштеп жаткан болсо, маянасына 100 пайыз кошулат, ал эми пенсияда болсо кошулбайт", — деди ал.

Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Киев көчөсүнө ыйгаруу сунушталды
Депутат, андан сырткары, "Эрдик" медалын алгандардын абалы кандай экенине кызыкты.

Сманбаева акыркы жылы бул сыйлык 1-2 гана кишиге берилгенин белгилеп, жеңилдиктер алып салынгандыктан аларга материалдык жардам берилбей турганын айтып, мыйзамда шарттуу сумма көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады. Бирок президент өзүнүн фондунан кандайдыр каражат бөлгөнгө акылуу экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0