Жекшемби күнгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-фев— Sputnik. 24-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +6...+8, Чүй облусунда +5…+10 градус болот. Жалал-Абадда +8...+10, Ош жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0…+5 жылуу болсо, Нарын жергесинде -6…-11 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ош шаарында +7...+9, Бишкекте +6..+8 градуска жетери болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0