Кыргызстанда бир айдын ичинде жетинчи ирет жер титиреди

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек арага жакын айыл. Архив
Чек арага жакын айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк силкинүүлөр өлкөнүн түштүк тарабында болот.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында очогунда үч баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Жер кечээ, 25-февралда, саат 17:21де титиреген. Очогу Кара-Киндик айылынан 23 чакырым, Бор-Дөбө айылынан 28 чакырым алыстыкта экени айтылды. Калк жыш жайгашкан бул аймактарда силкинүүнүн күчү 2 баллга жеткен.

Бул бир айдын ичиндеги жетинчи жер титирөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0